Меню
Эл-Сөздүк

Мамлекеттердин укук улануучулугу

МАМЛЕКЕТТЕРДИН УКУК УЛАНУУЧУЛУГУ – укуктардын жана милдеттердин бир мамлекеттен экинчисине өтүүсү же кайсы бир аймак үчүн жооптуу мамлекеттин алмашуусу. М. у. у. менен байланышкан укук мамилелери биринчиден, аймактын бир бөлүгүнүн экинчи мамлекетке өткөн учурда жана экинчиден, жаңы мамлекет пайда болгонунан улам келип чыгат, ал төмөнкү учурларда болуусу мүмкүн: а) мурда метрополийге көзкаранды мамлекеттин аймагында жаңы эгемендүү мамлекет түзүлгөндө; б) 2 же андан көп мамлекеттер бириккенде; в) бирдиктүү мамлекет бөлүнүп, 2 же андан көп жаңы мамлекет уюшулганда; г) жашап жаткан мамлекеттин бөлүнүп чыккан (бөлүнүшкөн) аймактарынын бир бөлүгүндө же бөлүктөрүндө мамлекет уюштурулганда. М. у. у-нун ар түрдүү юридикалык натыйжалары жаңы пайда болгон эларалык укук субъектиси мурдагысынын милдеттенмелери менен байланышпаганда «таза такта» принцибине (лат. «tabula rasa ») туура келет; мураскорго карата мурдакынын милдеттенмелеринин жана укуктарынын аракеттеринин үзгүлтүксүздүгүн билдирген континуитет принцибине (лат. сontinuum – үзгүлтүксүз, туташ) туура келет. Континуитет принциби мамлекеттин кыймылсыз мүлк менчиктерине карата М. у. у-на толук өлчөмдө колдонулат, ал эми кыймылдуу объекттер жаңы субъекттин андай менчикти түзүүдөгү салымын эске алуу менен адилеттүү үлүштө мураскорго өтөт. Ушул эле вариант колониалдык көзкарандылыкта тургандардан сырткары, мамлекеттик карыздарга карата да колдонулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: